Ысык-Көлдө мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтирген сот аткаруучу кармалды

Ысык-Көлдө мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтирген сот аткаруучу кармалды

Ысык-Көл районунун сот аткаруучусу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-октябрында прокуратура органдарына арыз менен 35 жаштагы У.У. кайрылып, Ысык-Көл райондук сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу жана банк кызматкерлери тарабынан жасалган алдамчылык иш-аракеттеринин натыйжасында, аукциондо кыймылсыз мүлктү сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.

Аталган арыз 204-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык жосуну) менен катталган.

16-мартта шектүү катары Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу, Бостери айылынын тургуну А.Э. болуп чыгып, ага 320-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмышка шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү берилген.

А.Э. соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке төрт жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>