Төрткүл  суу сактагычы. Тажикстан Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө жооп кайтарды

Төрткүл  суу сактагычы. Тажикстан Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө жооп кайтарды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын расмий өкүлдөрү жана депутаттары жарыялаган Төрткүл суу сактагычы тууралуу маалыматка жооп катары даярдалган министрликтин билдирүүсүн жарыялады.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация жол-жоболору аягына чыга электигин эскертет. Бул маселе боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда

“Эл аралык укуктун ченемдерине ылайык тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаты айткан аймактын бөлүгү бөлүнбөгөн деп эсептелет. Учурда кайсы бир талаштуу аймакты биринчи тарап экинчи тарапка өткөрүп берүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Министрлик коңшу өлкөнүн саясатчыларын кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө билдирүүлөргө өтө этияттык менен мамиле кылууга чакырат, анткени текшерилбеген маалыматтарды жайылтуу эки боордош мамлекеттин чек ара аймактарындагы кырдаалды туруксуздаштырууга түрткү бериши мүмкүн”-дейт аталган билдирүүсүндө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>