Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банкка Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланган.
Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын жетекчилигине долбоордун учурдагы абалы тууралуу маалымат берген. Ал иштер мөөнөтүнөн мурда жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле аймактык кызматташтык жолго коюлуп, долбоорду ишке ашыруу зонасында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгилеген.
Мындан тышкары, министр ушул жылдын ноябрь айында Стамбул шаарында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү менен айлана-чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүү боюнча талкуулоо пландалып жатканын маалымдаган.
Жыйынтыгында министр Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банкка Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүдө көрсөткөн туруктуу колдоосу жана натыйжалуу өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирген.