Тайырбек Жумашбек уулу жана Алибек Осмонов дүйнө чемпионатына барат

Тайырбек Жумашбек уулу жана Алибек Осмонов дүйнө чемпионатына барат

Албаниянын борбору Тирана шаарында күрөштүн олимпиадалык эмес салмактары боюнча өтө турган дүйнө чемпионатына эркин күрөштөн эки кыргызстандык балбан барат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш олимпиадалык эмес салмактар (эркин күрөштө 61, 70, 79 жана 92 кг) боюнча өтөт. Ага Кыргызстандан 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу жана 70 кг салмакта Алибек Осмонов барат.

Дүйнө биринчилиги 28-31-октябрда өтөт.

Белгилей кетсек, адатта Олимпиада өткөн жылы дүйнө биринчилиги уюштурулчу эмес. 2021-жылы гана Олимпиада бир жылга кеч өткөрүлгөндүктөн, ошол жылы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты да болгон.

Негизинен дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча мелдештер 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмактар боюнча өткөрүлөт. Бирок быйылкы Олимпиадага байланыштуу Дүйнөлүк күрөш уюму дүйнө биринчилигин олимпиадалык эмес салмактар боюнча уюштурууну чечкен. 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг салмактар олимпиадалык салмак болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>