Талант Мамытов Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Талант Мамытов Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 30-декабрда өлкө башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Талант Мамытов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары күн тартибинде турган актуалдуу маселелер жана өлкөлөр ортосундагы мындан аркы кызматташуу кадамдарын талкуулашты.

Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Өзбекстан менен саясий кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө бекем ниеттенгенине ишендирди.

Баарлашуу соңунда Талант Мамытов Шавкат Мирзиёевди жана жалпы Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен куттуктап, кыргыз тараптын Өзбекстан менен эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>