Талант Мамытов Дүйнөлүк кубокто байгелүү орундарды ээлеген балбандар менен жолукту — сүрөт

Талант Мамытов Дүйнөлүк кубокто байгелүү орундарды ээлеген балбандар менен жолукту — сүрөт

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Дүйнөлүк кубокто байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Мамытов бүгүн, 23-декабрда, Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен машыктыруучулар курамын куттуктады.

Иш-чарага байгелүү орун алган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар штабы катышты. Спортчу Айаал Лазерев шаарда болбогондугуна байланыштуу иш-чарага келе алган жок.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу куттуктоо сөзүндө кыргызстандык балбандар Дүйнө кубогунда 3 алтын жана 5 коло медалды багындырышып, жыйынтыгында жалпы медалдар боюнча 2-командалык орунду ээлеп, татыктуу натыйжаларды көрсөткөндүгүн белгиледи.

Талант Мамытов атамекендик спортчуларга Японияда өтө турган Олимпиада оюндарында дагы өздөрүн татыктуу көрсөтөрүнө үмүт артты.

Өз кезегинде Нурбек Изабеков машыктыруучулар штабынын атынан өлкө жетекчилигинин жана жалпы эле кыргызстандыктардын жылуу кабыл алуусуна жана колдоосуна ыраазычылыгын айтты.

«Мен 2010-жылдан тарта күрөш боюнча кыз-келиндер командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп келем. Бул жылдар аралыгында биз көп нерсени башыбыздан өткөрдүк: жаракат алдык, жеңилдик. Бирок аларга карабастан, чөгүп отуруп калбастан абдан катуу иштедик, туура коюлган стратегия менен жеңиштерге жеттик», — деп айтты Нурбек Изабеков.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов спортчуларга жана машыктыруучуларга Мамлекет башчысынын резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды.

[su_image_carousel source=»media: 52534,52535,52537,52527,52528,52529,52530,52531,52532,52533,52536,52538″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>