Алтай мамлекеттик университети Алтай түрктөрүнүн эрте орто кылымдагы эстеликтеринин төртүнчү каталогун чыгардыБишкекте Мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби ачылатЧүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыАнтимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдүОрозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калган
Талантбек Иманов жаңы кызматка дайындалды
12.04.2025 | 07:11
Иманов Талантбек Орускулович президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин ал президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору кызматын аркалап келген.
Иманов Талантбек Орускулович 1986-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Үч Кайнар айылында туулган.
2004-жылы Каракол шаарындагы №6 Чехов атындагы орто мектебин, 2004-2005-жылдары Каракол шаарындагы №14 кесиптик лицейин аяктаган. 2017-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юрист адистиги боюнча аяктаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар