Талас аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Талас аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-мартта саат 02:09да жер титирөө Талас облусунун Манас районунун Арал, Кара-Арча айылдарында 2,5 балл жана Пакровка айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>