Талас аймагында жер титирөө катталды

Талас аймагында жер титирөө катталды

Бүгүн, 10-январда таңкы саат 06:07де Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Бакай-Ата районунун Бакай-Ата, Маданият, Ынтымак, Кызыл-Октябрь айылдарында 2,5 балл, Талас шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>