Талас облусунун аймагынан «Чоң-Капка» өткөрүү пунктунан Казакстанга өтө албай жүздөй автоунаа өтө албай турушат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламент жыйынында билдирди.
Ал унаалар менен кошо жөө жүргүнчүлөр чогуу өтүп жаткандыктан ошол маселе жаралып жатканын белгилеп, анын жанындагы “Кичи-Капка” өткөрүү пунктун жөө жүргүнчүлөр өткөрө тургандай кылып Казакстан тарап менен сүйлөшүп, чечип берүүнү өкмөттөн суранды.
Муну менен жергиликтүү тургундар үчүн соода-сатык иштерин жасап жакшы болот эле дейт.