Талас дарыясынан бир туугандардын сөөктөрү табылды — сүрөт

Талас дарыясынан бир туугандардын сөөктөрү табылды — сүрөт

Талас дарыясынан бир туугандардын сөөктөрү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын тургундары, такталган маалымат боюнча 18 жаштагы У.Э. эркек бала жана У.К. 16 жаштагы кыз бир туугандар 19-июль күнү дайынсыз жоголгондугу тууралуу 102 кызматына түшкөн.

Маалымат түшкөн күнү ИИБкызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми бүгүн жерине Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте издөөгө чыгышкан.

Издөө иштеринин натыйжасында Талас дарыясынан аталган бир туугандардын биринин сөөгү саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылган. Андан бир жарым саат өткөндөн кийин ӨКБнын адистери суунун түбүнөн агасынын сөөгүн алып чыгышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>