Ошто 5 кг баңгизат сатып жаткан курьерлер кармалды

Ошто 5 кг баңгизат сатып жаткан курьерлер кармалды

Ош шаарында 5 килограммдан ашуун гашиш баңгизатын сатуучу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Канал-Невский щит» эл аралык баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында 5 кг ашуун гашишти сатуу учурунда баңгизат курьерлери кармалган.

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдүү ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгына «Э» аттуу жаран Ош шаарынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактап жана сатуу аракеттерин көрүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында 1985-жылы туулган М.А. аттуу жаран, 1991-жылы туулган Д.С. аттуу жарандар баңгизаттарын сатууга аракеттенип жаткан жеринен ИИМдин Ош облусу боюнча кызматкерлери менен биргеликте кармашкан.

М.А. аттуу жаранга таандык “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү унаасынын салонунунун ичинен гашиш баңгизат каражатына окшош өзгөчө жытка ээ зат табылып алынган. Д.С. аттуу жаранга таандык “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда жалпы салмагы 5 кг 859 гр түзгөн, Оогандан өндүрүлгөн “гашиш” баңгизат каражаты табылып алынган.

Ош ШИИБдин Криминалистика кызматынын корутундусуна ылайык алынган заттар, жалпы салмагы 5 кг 859 гр болгон гашиш бангизат каражаты болгон. Кармалгандар М.А. жана Д.С. Кара-Суу райондук убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар атуулдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>