Таластын обуладминистрациясындагы коррупциялык схемага жетекчиликтин тиешеси жок. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган коррупциялык схема тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан өкүлчүлүктүн 2020-жылга чейинки ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында аныкталган.
«Андыктан, учурдагы Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине эч кандай тиешеси жок»,- деп билдирди аталган облустун башчысынын басма сөз кызматы.
Кечээ, 29-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына таянып бир нече массалык маалымат каражаттары, президенттин Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныктагандыгы тууралуу жазып чыккан. Маалыматта өкүлчүлүктүн айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттеринен улам мамлекетке 15 млн. сом зыян келгени жана аталган факт боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылган.