Жаштар арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эссе сынагы жарыяландыДүйнөлүк банк Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну улантууга даярКыргызстанда KOICAнын колдоосу менен соода-логистикалык борбор курулатQazETA азырынча КР жарандары үчүн милдеттүү эмес — Казакстанга кирүү боюнча ТИМдин түшүндүрмөсүКыргызстанда балдарга түнкүсүн антикафе жана антикинолорго барууга тыюу салуу сунушталуудаТажрыйба алмашуу, кызматташтыкты кеңейтүү: Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталды
Талас облустук администрация УКМКнын билдирүүсү боюнча үн катты
30.09.2021 | 13:28
Таластын обуладминистрациясындагы коррупциялык схемага жетекчиликтин тиешеси жок. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган коррупциялык схема тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан өкүлчүлүктүн 2020-жылга чейинки ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында аныкталган.
“Андыктан, учурдагы Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине эч кандай тиешеси жок”,- деп билдирди аталган облустун башчысынын басма сөз кызматы.
Кечээ, 29-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына таянып бир нече массалык маалымат каражаттары, президенттин Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныктагандыгы тууралуу жазып чыккан. Маалыматта өкүлчүлүктүн айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттеринен улам мамлекетке 15 млн. сом зыян келгени жана аталган факт боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат