Өкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды
Талас районунда минералдык суу чыгара турган ишкана ачылат
04.08.2025 | 16:33

Талас районунун Беш-Таш айыл аймагында “Арашан” минералдык ичүүчү суу өндүрүүчү чакан ишкана ишке кирет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Талас райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жүзөгө ашырылууда. Курулуш иштерине жалпы 10 млн 147 миң сом каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары жабдууларды сатып алууга 7 млн сом өзүнчө бөлүнгөн.
“Жаңы ишкана ишке киргенде 7-10 адамга жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана сапаттуу минералдык сууну пайдаланууга шарт түзөт”,- деп билдирди министрлик.
Азыркы учурда курулуш иштери толук аяктап, өндүрүш үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу боюнча тендердик жараян жүрүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: минералдык суу, Талас