Талас шаарынын тургуну «Хизб ут-Тахрир» уюмунун жактоочусу болуу менен жаңылыштык кетиргенин жана диний-экстремисттик уюмдан баш тартканын мойнуна алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, I.T.B 2003-жылы Хизб ут-Тахрирге жалданып, кошулган. Бул убакыттын ичинде ал тыюу салынган адабияттарды уюштурууну жана таратууну пропагандалоо менен активдүү алектенген.
«Учурда УКМК «Хизб ут-Тахрир» РКУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда», — деп жазат басма сөз кызматы.