Талас облусунун Кара-Буура районунда жүк ташуучу унаа даракты сүздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 163-чакырымында болгон. Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы адам окуя болгон жерде каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.