УКМК кызматкерине пара берип жаткан жаран кармалды

УКМК кызматкерине пара берип жаткан жаран кармалды

Баткен облусунун Кадамжай шаарында коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинген 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  унааны Ош облусунун Ноокат районунун Р.Р.Ч. аттуу  тургуну башкарып келе жаткан. Ошол эле учурда жүктүн ээси Ноокат районунун Бел айылынын тургуну А.П. экендиги аныкталды.

Муну менен бирге, аталган А.П. аттуу жаран бул жүк контрабандалык жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, бул фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акчалай каражатты сунуштай баштаган. Жыйынтыгында, бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери кылмыштардын реестрине катталган.

Ошол эле күнү КР МУКК кызматкерине 200 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда А.П. кармалган. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Пара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>