ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Таласка орусиялык 8 мугалим келди
08.09.2023 | 23:24
Талас шаарына 8 орусиялык мугалим тажрыйба алмашуу үчүн келишкенин мэриядан билдиришти.
Анда белгиленгендей, негизги максат РФ Билим берүү министрлигинин эл аралык гуманитардык долбоорунун алкагында мектеп окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу.
Буга чейин Талас шаарынын мэриясы менен Москва шаарындагы билим берүү мекемесинин ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн. Алар бир жылга, башкача айтканда быйылкы окуу жылына келишкени белгилүү.
Орус мугалимдери сабактан тышкары жолугушууларды, семинарларды өткөрүп, мугалимдер менен усулдук тажрыйба алмашат.
Буга чейин жаңы окуу жылында “Чет өлкөдөгү орус мугалими” долбоорунун алкагында Кыргызстанга 120 мугалим келе турганы маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар