Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Таласта 12 жаштагы Улукбек Узакбаев дайынсыз жоголду
21.04.2022 | 15:32
Таласта 12 жаштагы Улукбек Узакбаев дайынсыз жоголду. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бала 2022-жылдын 19-апрелинде Көк-Токой айылындагы мектепке үйүнөн чыгып кеткен жана анын кайда экени тууралуу башка эч нерсе белгисиз.
Белгилери: бою 140-145 сантиметр, кара тору, толук денелүү, бетинде сепкил. Үстүндө ак көйнөк, кочкул кызыл свитер, боз шым, кызыл түстөгү кроссовка болгон.
Изделип жаткан адам тууралуу маалымат билгендер 102, 0771570876; 0701140506 жана 0550743335 номерлерге кабарлаңыздар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом