Бишкек: Ботаникалык бакка дайым бирөөлөр от коюп турат

Бишкек: Ботаникалык бакка дайым бирөөлөр от коюп турат

Бишкектеги Ботаникалык бакты атайын кишилер өрттөп, дайым коркунуч жаралып турат. Бул туурасында Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчасынын илимий изилдөө институтунун директору Гүлайым Донбаева Жогорку Кеңеште билдирди.

Атайын өрттөп кетип жаткан кишини көрүп “ошол кишинги таап бергиле” деп арыз менен да кайрылганбыз. Алар кайра ошол кишини көрсөңөр бизге айткыла деген боюнча калган. Былтыр пресс-тур өткөргөнбүз, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт коопсуздугунан да адистер келген. Журналисттер да келген, биз ошол маселени көрсөткөнбүз. Ошол жерден күйгөн жерлерди көрөлү деп көрүп жүргөн жеринен атайын өрт коюп жаткан баланы да көрүшүп, кармай албай калышкан, качып кеткен… 60-70 жашка чыгып калган карагайлардын ар биринин түбүнө от коюп жатышат. Түнкү 10-11лерге чейин жүрүп атабыз, жай мезгили келгенде бизде коркунучтар жаралат. Атайын өрттөгөндөр менен күрөшүп бүтө албай койдук”-деди Донбаева.

Видеокөзөмөл жок экенин кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>