Таласта 2,1 млн сомдук малды карызга алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды

Таласта 2,1 млн сомдук малды карызга алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды

Манас районунун милициясы ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү катары мал алып, кайра саткан жаранды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Манас РИИБге 3 жаран арыз менен кайрылган.

Алардын бири өзү жашаган үйүнөн 2024-жылдын 28-январь күнү саат 16:00 чамасында А. аттуу жаран ишеничине кирип, 22 баш кара малын, жалпы 1 200 000 сомго карызга баалап алып, 10 күндүн ичинде акчасын берем деп бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып, алдап, бербей жаткандыгын билдирген.

Экинчи жаран 65 баш козуларынын ар бирин А аттуу жаран 13 000 сомдон баалап, жалпы 845 000 сомго алып, бирок акчасын бербей жүргөнүн жазган.

Үчүнчү жаран 2024-жылдын январь айында Айтматов районунда жайгашкан мал базардан 18 баш козу кочкорлорун өзүн А деп тааныштырган жаран келип, жалпы  261 000 сомго баалап, ошол жерден 161 000 сом акчасын берип, калган 100 000 сомун бербей, качып жүргөнүн билдирген.

Натыйжада арыз ээлери жалпы 2 145 000 сомдук материалдык чыгымга учурушкан. Аталган фактылар Манас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган А.А. Ош облусунун Кара-Суу районунан кармалган. Ал Талас облусуна алып келинип, Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.А. Талас облусунун аймагынан мал сатып алып, өлкө аймагындагы башка мал базарларга алып барып сатып жүргөндүгү такталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Милиция сырттан тааныш болгон жарандарга карызга мал сатпоону, алдамчылардан сак болууну эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>