Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Таласта Азия чемпионатында коло уткан боксчу Ташкул Аменгелдиев сыйланды
18.09.2024 | 12:38
Талас шаарынын мэриясы Бириккен Араб Эмираттарында өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатында коло уткан боксчу Ташкул Аменгелдиевге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэр Байышбек Астанакулов жана анын орун басары Эркин Аскаров мушкер балага “Ыраазычылык кат” жана 20 миң сомдун сертификатын тапшырган.
Эскерте кетсек, өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Азия чемпионаты 27-августтан 10-сентябрга чейин өткөн. Ташкул Аменгелдиев 35 кг салмакта күч сынашкан.