Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Таласта Азия чемпионатында коло уткан боксчу Ташкул Аменгелдиев сыйланды
18.09.2024 | 12:38
Талас шаарынын мэриясы Бириккен Араб Эмираттарында өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатында коло уткан боксчу Ташкул Аменгелдиевге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэр Байышбек Астанакулов жана анын орун басары Эркин Аскаров мушкер балага “Ыраазычылык кат” жана 20 миң сомдун сертификатын тапшырган.
Эскерте кетсек, өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Азия чемпионаты 27-августтан 10-сентябрга чейин өткөн. Ташкул Аменгелдиев 35 кг салмакта күч сынашкан.