Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Таласта батирин мейманкана катары иштетип, акча табам деген тургундар айыпка жыгылды
01.05.2024 | 09:25
Талас шаарында милиция көп кабаттуу үйдөгү батирин мейманкана катары иштеткен тургундарга айыппул салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, текшерүү иштери учурунда шаар тургундары батирлерин мейманкана катары иштетип жатканы аныкталган. Ага байланыштуу 6 жаранга Укук бузуулар кодексинин 112-беренесине (көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу) ылайык 5,5 миң сомдон, жалпы 33 миң сом айыппул салынган.
Айыппул салынган жарандарга мындан ары батирлерин мейманкана катары иштетпөө керектиги эскертилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом