Президент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдоруКыргызстан 2026-жылга карата тышкы саясий артыкчылыктарын аныктадыЖККУ мыйзамсыз миграцияга каршы «Нелегал-2026» операциясынын планын бекиттиСадыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулашты
Таласта дайынсыз болуп жаткан Акылай Болотбекова аман-эсен табылды
16.08.2024 | 18:38
Таласта дайынсыз болуп жаткан Акылай Болотбекова аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 15-августта облустук милициянын басма сөз кызматы 14 жаштагы Акылай дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан. Бул маалымат ЖМКга жарыяланган соң, кыздын кайсы жакта жүргөндүгү тууралуу милицияга кабарланган.
“Акылай бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынан табылып, Таласка алып келинип жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал өз алдынча эч кимге айтпастан эле Бишкек шаарына кетип калгандыгын билдирген”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом