Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылдыОоганстан кургатылган жемиштердин экспортун көбөйттү: 2025-жылы түшкөн киреше 667 млн долларга жеттиРоссия жана Кыргызстан соода жана инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти25-мартта Кыргызстанда «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» акциясы өтөтЖогорку Кеңеште АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен адам сатууга каршы күрөшүү чаралары талкууландыӨзбекстан жана Россия масштабдуу атомдук долбоорду ишке ашырууда: Жиззах облусундагы АЭС жылына 3,6 млрд куб м газды үнөмдөйт
Таласта граната менен мылтык катылган жер табылды
04.02.2023 | 10:43
Талас облусунда курал жана жардыруучу зат жашырылган жери табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2-февралда УКМКнын Чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын саперлору менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында, Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай аныкталып, андан жарылуучу зат (РГД-5) жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги мылтык табылып алынган.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз