АКШ Ирандын энергетикасын жок кылуу менен коркутууда — Трамп дагы эмнелерди айттыКыргызстандын аймактарында арзандатылган баадагы азык-түлүк жарманкелери туруктуу өткөрүлүүдөСокулукта уруксатсыз иштеп жаткан медресе аныкталды. Анда 23 өспүрүм билим алып жатканКыргызстан менен Беларусь нелегалдарды кайтаруу боюнча макулдаштыКыргызстандын ТИМи Ирандагы элчилигинин ишин убактылуу токтоттуУКМК: Токмокто уюшкан кылмыштуу топко таандык курал-жарактар сакталган жай табылды
Таласта иш жүзүндө окубаган студенттерге дипломдор берилген
22.04.2025 | 12:14
Талас облусунун Айтматов районундагы №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган 14 студентке экзамендик баалар коюлуп, дипломдор мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган студенттер Кыргызстандын аймагында болбогондугу аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар