Кыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт2027-жылдан тарта илимий даражаларга үстөк акы эки эсе көбөйөтСадыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, аймактын өнүгүшү боюнча баяндамаларды угатAsman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди22-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — эксперт
Ошто жол кеңейтүү иштерине байланыштуу жарандарга 68 млн сом компенсация төлөнөт
22.04.2025 | 12:26
Ош— Бишкек жолун кеңейтүүгө байланыштуу 37 курулуш ээсине 67,8 миллион сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош жолунун Ош шаарындагы Т. Турсунбаева көчөсү менен бириктирүүчү 599 метрлик төрт тилкелүү жолдун курулушу үчүн кызыл сызыктагы 37 курулуш бузулат.
Кенемте алуучулардын бешөө коммерциялык жайлардын ээлери. Төлөмдөр көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Бул кадам жол инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардык транспорт кыймылын оңдоо максатында ишке ашууда.
Рубрики: Жаңылыктар