Бишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралатКыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөө үчүн мамлекеттик алым төмөндөтүлдүОоганстан БА үчүн башкы террордук коркунуч бойдон калууда — КМШ АТББир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөнКыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт
Таласта иш жүзүндө окубаган студенттерге дипломдор берилген
22.04.2025 | 12:14
Талас облусунун Айтматов районундагы №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган 14 студентке экзамендик баалар коюлуп, дипломдор мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган студенттер Кыргызстандын аймагында болбогондугу аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар