Талас облустук милициясы киши өлтүрүүгө шектелип, 17 жыл изин жашырып жүргөн жаран кармалганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2008-жылы 28-майда 1968-жылы туулган Талас шаарынын тургуну мас абалындагы 3 эркек киши тарабынан өлтүрүлгөн. Анда шектүүлөр маркумду уруп-сабашканы, андан кийин автоунаага салып, токой жээгине алып барышып, дагы сабашып ошол жерге таштап кетип калышкан. Натыйжада жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү 2 жаран кармалып, өз жазаларын алышкан.
Бирок шектүүлөрдүн бири, Талас шаарынын 1984-жылы туулган Ш.Э. аттуу тургуну тергөөгө келбей изин жашырып качып кеткен. 2008-жылдын август айында аны издөө иши ачылган. Дээрлик 17 жыл убакыт Ш.Э. Кыргызстандын аймагына келбей чет өлкөдө качып жүргөн.
Милиция аталган жаранды таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иликтөө-издөө иштерин токтоткон эмес. Жыйынтыгында ушул жылдын 20-май күнү Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ш.Э. Бишкек шаарынан кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.