Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулаштыЫсык-Көлдөн 6 миң метрден ашуун синтетикалык тор чыгарылдыОрусиянын элчиси Сергей Вакунов: «Этникалык негиздеги жаңжалдар — бул иш жүзүндө мамлекеттин өлүмү»Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жыйынында миграция жана логистика маселелерин көтөрдү«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилди
Таласта мал уурдоого шектелип эки адам кармалды
13.12.2024 | 09:54
Таласта мал уурдоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айтматов районунда эки жарандын малы жоголгон. Бириники 3-ноябрга караган түнү 4 кою, экинчисиники 1-декабрга караган түнү 4 баш кою уурдалган.
Аталган факт боюнча “мал уурулук” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 54 жаштагы О.К. жана 26 жаштагы М.Б. аттуу жарандар кармалган. Алар тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган.
Учурда алардын башка уурулук иштерине катыштыгы текшерилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом