Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
УКМК окуу жайдын менчикке чыгарылып кеткен жери мамлекетке кайтарылганын билдирди
13.12.2024 | 10:43
Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин менчикке чыгарылып кеткен жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган жер 1998-жылы жеке менчикке чыгарылып кеткен. Бирок ага чейинки мыйзамдар боюнча аны менчикке чыгарууга тыюу салынган.
УКМК алар көргөн чаралардын негизинде жер тилкенин азыркы ээси аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине кайтарганын билдирди. Жердин баасы 130 млн 711 миң сомго жетет.
“Бул кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарына карата тергөө иштери уланууда, алардын аракеттерине сөзсүз юридикалык баа берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом