Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Таласта сууга аккан 2 жашар наристе дагы деле табыла элек
19.04.2021 | 17:03
Таласта сууга аккан 2 жашар наристе дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМга 12-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 2019-жылы туулган А.Р. аттуу бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Наристени издөөгө ӨКМнын куткаруучулары, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган.
Учурда дагы издөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар