Таласта түнү менен токойдогу теректер кыйылып, уурдалып сатылуудабы? – видео

Таласта түнү менен токойдогу теректер кыйылып, уурдалып сатылуудабы?  – видео

«Талас районунун Көк-Ой айылындагы Жолдош Абдрахманов атындагы токой чарбасында теректер массалык түрдө кыйылып, сатылууда» деп “Репортерго” айылдык кеңештин депутаты Анаркул Жуманбеков билдирди.

Жуманбеков теректердин кыйылышына Талас токой чарбасынын директору Эргеш Жаналиевдин катыштыгы болушу мүмкүн экенин айтат.

“Мен 7-апрель күнү коронавирус боюнча санитардык блокпостко күзөткө чыккам. Түнкү саат 12лер чамасында кыйылган теректерди жүктөп алып трактор токойдон чыкты. Мен тракторду токтотсом теректерди уурдап бараткандар бидин айылдын эле балдары экен. Алар теректерди кыюуга директор Эргеш Жаналиев жана токойдун корукчусу Момун Бийжанов  уруксат берген дешти. Булар март айынын ортосунан бери көп сандагы өсүпп утрган теректерди кыйып,  уурдап сатып келишкен. Мен бул мыйзамыз иштер боюнча райондук прокуратурага арыз жаздым. Ошондой эле видео аркылуу Премьер-министрге, Президентке да кайрылдым. Калың токойду кыйратып жатышып, суюлтуп бүтүштү. Элдин байлыгын тоногондорго чара көрүлүш керек да”, — деди Жуманбеков.

Талас токой чарбасынын директору Жаналиев менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат. “Репортер” экинчи тараптын оюн укканга да даяр.

Талас өрөөнү саздак болгондуктан 1950-жылдары мырза теректер  бул аймакка көп санда тигилгенин адистер айтып келишет. Жергиликтүү элдин айтымында, акыркы 20 жыл ичинде ар кандай шылтоо менен теректер абдан көп кыйылып, мыйзамсыз жол менен сатылып кеткен.

Терек сууну көп ичкен өсүмдүк. Бир түп терек сутка ичинде тонналаган сууну өзүнө тартып, саздактан сактайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>