Жогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдашты
Таласта жер титиреди
04.08.2023 | 10:59
Талас облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 4-августта саат 09:28де болгон.
Жер титирөө Талас районунун А.Огонбаев, Козучак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом