Ысык-Көлдө Баткендин өрүгүн саткан атайын дүкөн ачылат

Ысык-Көлдө Баткендин өрүгүн саткан атайын дүкөн ачылат

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Баткен өрүгүн саткан дүкөн ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Дүкөндүн текчелерине экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган табигый азыктар коюлат.

«Алдыда туристтер үчүн аталган жайда Баткен өрүгүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Облус башчысы Абдикарим Алимбаев жыл сайын туристтик сезон учурунда Ысык-Көлдө Баткен өрүгү сатылган жайды иштетүүнү салтка айлантуу боюнча тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берди. Бул иш аракетке жооптуу катары президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбеков дайындалды», — деп айтылат маалыматта. 

Ачылышы пландалып жаткан жайда өз өрүктөрүн сатууну каалаган багбандар жана ишкерлер 0779 30 20 50 номерине кайрылса болот.

Аткарылып жаткан иш-чаранын башкы максаты — Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыды тартуулоо болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>