Милиция: Ошто үч жаран жасалма долларлар менен кармалды

Милиция: Ошто үч жаран жасалма долларлар менен  кармалды

Ош облусунда үч жаран жасалма акча даярдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-июлда милицияга 28 жаштагы Б.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 15-июлда Мады айыл аймагындагы май куюучу жайлардын бирине 25-30 жаштагы жаран келип, 2 миң сомго май куюп, акчаны доллар менен берген. Ал 100 доллар берип, май куюучу жайдын кызматкери 6,7 миң сом кайрыган. Андан кийин ал дагы 100 долларды алмаштырып берүүнү суранып, аны 8,7 миң сомго алмаштырып кеткен. Эртеси күнү май куюуучу жайда отчет тапшыруу учурунда берилген 200 доллар жасалма экени билинген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Экспертиза жүргүзүлүп, аталган 200 доллар жасалма экени тастыкталган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну колго түшүрүлгөн.

Милициядан билдиришкендей, кармалган жарандын башка шериктери да бар экени аныкталып, шектүү катары 35 жаштагы Ж.Т. жана 32 жаштагы Т.Д. аттуу тургундар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Алар алдын ала сүйлөшүп, жеңил пайда табууну көздөшүп, Кара-Суунун аймагында жайгашкан 4 май куюучу жайга жалпы 1 миң доллар акча каржатын сомго алмаштырып кеткендиги аныкталды», — деп билдирет милиция.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>