Таластын экс-губернатору Мураталиевдин шаңдуу бийлеген видеосу тарады

Таластын экс-губернатору Мураталиевдин шаңдуу бийлеген видеосу тарады

Талас облусунун экс-губернатору Марат Мураталиевдин кафелердин биринде бийлеп жаткан видеосун reporter.kg’га окурман жиберди.

Аталган видео кайда, качан тартылганы тууралуу маалымат берилген жок. Видеодон Марат Мураталиевдин Modern Talking — cheri cheri lady ырына, айымдын коштоосунда шаңдуу бийлеп жатканын көрүүгө болот.

5-6-октябрдагы окуялардан кийин Мураталиев губернаторлук кызматын өткөрүп берген. Анын ордуна 14-октябрда активист  Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>