ТИМ: Катардан Кыргызстанга 166 жаран учуп келдиКыргызстандын президенти коомду өнүктүрүүдөгү жана салттарды сактоодогу аялдардын стратегиялык ролун баса белгиледиБишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайт
Таластын Көпүрө-Базар айылында 98 млн сомго жаңы оорукана салынууда
04.10.2024 | 13:25
Таластын Көпүрө-Базар айылында жаңы оорукана салынып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Оорукананын курулушу быйыл июнда башталып, келерки жылы аяктайт деп пландалууда. Анын курулушуна 98 млн сом бөлүнгөн.
Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашат.
Көпүрө-Базардын тургундары жана жакын жайгашкан айылдардын тургундары ооруканага келип, дарыгерлерге көрүнө алат.
4-октябрда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев оорукананын курулушу менен таанышты.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом