Тамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жок

03.03.2026 | 11:51

Аскердик жаңжал аймагында калып калган кыргызстандыктар мейманканада жашоого мүмкүнчүлүк жана анча чоң эмес материалдык жардам ала алышат.

Өкмөттө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселеси талкуулангандан кийин, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аскердик жаңжал күчөп жаткан аймактан жарандарды алып чыгып кетүүчү каттамдарга даярдык көрө баштады. Ошондой эле эс алууга же иш сапары менен кеткен жүздөгөн жарандарды жөнөткөн туристтик агенттиктер менен иш алып барууда. Мындан тышкары, кыргызстандык ишканалар тышкы саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам реакция кылып, программаларын кайра карап чыгууга жана саякатчылар үчүн тобокелдиктерди азайтууга мажбур болууда.

“Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушуна байланыштуу туризм тармагы кайрадан олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Биз үчүн ар дайым туристтерибиздин жана кызматкерлерибиздин коопсуздугу артыкчылыктуу бойдон калат. Учурдагы кырдаалда биз программаларды оңдоого, бир катар багыттардагы турларды башка күнгө жылдырууга же токтотууга мажбур болуп жатабыз. Бул, албетте, биздин компанияга гана эмес, жалпы туристтик рынокко сезилерлик зыян алып келет. Туризм — геосаясий туруксуздукка эң эле сезимтал тармактардын бири. Ар кандай куралдуу кагылышуулар, авиакаттамдардын чектелиши, коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү жана жалпы тынчсыздануу суроо-талапка, саякатчылардын ишенимине жана бизнестин финансылык туруктуулугуна түз таасирин тийгизет”,- деп билдирди “Аксай тревел” компаниясынын активдүү эс алуу бөлүмүнүн башкы кызматкери Сабина Смакова.

«Кругосвет» туристтик агенттигинин жетекчиси Икрам Керимбердиев «Reporter.kg» басылмасына билдиргендей, учурда ТИМ жакынкы арада каттамдарды уюштуруу үчүн кыргызстандыктардын аты-жөнүн чогултуп жатат. Азырынча алып келүүчү каттамдар жок болсо да, Жакынкы Чыгышта калып калган туристтер өз көйгөйлөрү менен жалгыз калган жок.

Ошол эле учурда КР ТИМи БАЭдеги мейманканалардан чыгарылып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн нускама таратты.

Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга байланыштуу, БАЭ бийлиги мейманканаларга мөөнөтү бүткөн коноктордун жашоосун акы албастан узартуу зарылдыгы тууралуу директиваларды жөнөттү. Эгерде сизди чыгарып жиберишсе, чыгарып жатышса же чыгарууга аракет кылышса, төмөнкүдөй аракеттениңиз:

  • Эгер сизди чыгарып жиберишсе, мүмкүнчүлүккө жараша полиция келгенге чейин же мейманкана жетекчилиги менен маселе чечилгенге чейин мейманкананын лоббисинде же аймагында калыңыз. Дароо чет өлкөдөгү мекемелерге (элчилик/консулдук) байланышып, бардык маалыматтарды билдириңиз;
  • Тынчтыкты сактаңыз жана андан ары жашоого укугуңуз бар экенин сылыктык менен билдириңиз. Регистрация столунун кызматкерлерине же менеджерге БАЭнин компетенттүү органдарынын директиваларына ылайык, мейманкана чектөөлөр колдонулуп жаткан мезгилде коноктордун жашоосун акысыз узартууга милдеттүү экенин тынч түшүндүрүңүз;
  • Мейманканадагы бөлмөңүздү өз каалооңуз менен бошотпоңуз. Сизге башка жайгашуу сунушталбаса жана негиздери түшүндүрүлбөсө, буюмдарыңызды алып чыкпаңыз жана чыгып кетүү же чыгарылуу тууралуу документтерге кол койбоңуз;
  • Жооптуу адамдын келишин талап кылыңыз (duty manager / hotel manager) жана мейманканада жашооңузду узартуу тууралуу өтүнүчүңүздү мейманкананын журналына же системасына каттоону сураныңыз;
  • Кысым көрсөтүлгөн учурда полиция чакырууну талап кылыңыз. Полиция номери: 999;
  • Эгер мейманкана чыгарууну талап кылса, полицияны өзүңүз чакырыңыз же кызматкерлерден абалды расмий каттоо үчүн полиция чакырууну сураныңыз;
  • Жашоо акысын өз эсебиңизден төлөбөңүз. Эгерде сиз өз алдынча төлөп койсоңуз, ал каражаттар адатта кайтарылбайт;
  • Болуп жаткан окуяларды сүрөткө же видеого тартыңыз: мейманкананын атын, каттоо столун, билдирмелерди, жазышууларды же билдирүүлөрдү, эсептерди. Мүмкүн болсо чыгарууну талап кылган кызматкердин атын жазып алыңыз. Бардык чектерди жана документтерди сактаңыз;
  • Токтоосуз КРнын элчилигине же башкы консулдугуна кабарлаңыз. Мейманкананын атын, дарегин/районун, бөлмө номерин, аты-жөнүңүздү, телефонуңузду, жаныңызда канча адам бар экенин (анын ичинде балдар жана карылар) жана мейманкана так эмнени талап кылып жатканын билдириңиз. КРнын БАЭдеги Башкы консулдугунун телефондору: +971 52 291 8840, +971 52 222 52 69.

“Форс-мажор — бардыгындагыдай эле биздин келишимдердин пункту. Форс-мажорго табигый кырсыктар да, аскердик-саясий кырдаалдар да кирет. Бирок биздин ал жакта жүргөн туристтерибиз бар жана албетте, биздин турагенттер алар менен байланышта. Ошондой эле азыр Дубайда, Катарда, Сауд Аравиясында, жалпы эле Жакынкы Чыгышта аргасыз же транзит менен калып калган биздин туристтер үчүн материалдык жардам бар. Биз аларга бир чоң адамга суткасына 20 доллардан которуп жатабыз. Адатта бир арызда 2-3 адам болот, жыйынтыгында 2-3 кишиге 40-60 доллар чыгат. Ошондой эле алардын мейманканалары акысыз жашоого узартылып, эртең мененки жана кечки тамак уюштурулду. Бирок бул ал жакта аргасыз калган туристтерге гана тиешелүү экенин белгилеп кетүү маанилүү. Бул — учак которууда (пересадкада) калып калгандар же каттамдар токтотулуп калгандыктан уча албай калган туристтер”, – деди Икрам Керимбердыев.

Scroll to Top