БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Танк биатлону-2022: Кыргызстан даярдыктарын баштады
05.08.2022 | 00:08
Кыргыз танкисттери “Танк биатлону-2022” эл аралык сынагына даярдана баштады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн командасы “Алабино” тактикалык-окуу комплексине келди. Учурда танк экипаждары сооттехникасын кабыл алып, бир сыйра жүргүзүп байкоо жана анын куралдарынан текшерип атууларды аткарышты, ошондой эле алдыдагы мелдешүүнүн маршрутунун жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кытай жана Россиянын күчтүү командалары менен күч сынашмакчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар