Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Конор Макгрегор киного тартылат
05.08.2022 | 09:07
UFC’нин 2 салмак чениндеги мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор киного тартылат. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазды.
Макгрегор 1989-жылы чыккан америкалык “Жолдогу үй” тасмасынын жаңыланган версиясында тартылат. Бул тасмада ал Джейк Джилленхол, Билли Магнуссен жана Дэниэла Мелшиор сыяктуу актерлор менен бирге ойнойт.
Тасмага «Мистер жана миссис Смит», «Келечектин чеги» фильмдерин тарткан Даг Лайман режиссерлук кылат.
Кинотасма Флоридадагы кафелердин бирине күзөтчү болуп ишке орношкон UFC’нин мурдагы мушкери (Джилленхол) тууралуу болот. Бул тасмада Макгрегорго кандай роль туш келери белгисиз. Бирок ал кыска бир эпизоддо эмес, толук кандуу роль жаратат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом