Ташиев: Бандитмин дегендерди бизге айткыла, ошол түнү жок кылабыз – видео

Ташиев: Бандитмин дегендерди бизге айткыла, ошол түнү жок кылабыз – видео

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткен облусуна учуп барды.

Анда жергиликтүү эл менен жолугуп, чек арада жана өлкөдөгү маселе тууралуу эл менен пикир алмашты.

Анын жүрүшүндө Кыргызстанда коррупцияга, криминалга каршы катуу күрөш жүрүп жаткандыгын айтты.

“Биздин коомдо, мамлекетибизде уюшкан кылмыштуу топтун башчысымын, положенец, смотрящиймин, “вор законмун” дегендер болбошу керек, болбойт дагы. Биз аларды тыптыйпыл кылып жок кылабыз. Кайсы бир жерден бирөө бандитмин деп чыкса акырын билдирип койгула. Ошол түнү кийинки күнгө жеткирбей жок кылабыз. Бирөө  “положенец, смотрящиймин” деп чыгып көрсүн мындар нары андай болбойт”, — дейт УКМКнын жетекчиси.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>