Ташиев: Чыккынчыларды чек ара маселесин чечүүгө жибербөө керек

Ташиев: Чыккынчыларды  чек ара маселесин чечүүгө жибербөө керек

Чыккынчыларды, саткындарды жана саясий сойкуларды чек ара маселесин чечүүгө жибербөө керек. Мындай пикирин саясатчы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Саясатчы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга карата өзүнүн тынчыздануусун билдирип, элди сабырдуулукка чакырып өткөн.

[su_quote]Баарыбызга сабырдуулук керек,биз мамлекети ,президент жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди жерди сактоо,коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз. А  эгерде чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.[/su_quote]

16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик  чек арасындагы атышуудан жалпы 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>