30-март: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болотӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылат
Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу ЖКга качан алып келинерин айтты
11.12.2024 | 12:32
Кыргыз-тажик чек арасы толук такталып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдириди.
Ал эки өлкө чек ара боюнча макулдашууга жетишкенин айтты.
“Мен бүрсүгүнү Тажикстанга кетем. Азыр картографияны чийип, даярдап жатабыз. Кудай буйруса, январь айынын ортолорунда Жогору Кеңештин кароосуна алып келип калабыз. Баарын ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет бергенге даярмын”, – деди ал.
Ташиев кыргыз-тажик чек арасы достуктун негизинде чечилгенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом