АУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керекКара-Суу базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Милиция териштирүү баштадыБишкекте Политехникалык колледж көчүрүлбөйт — Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жообуКасымалиев өнүктүрүү фонддору каржылаган долбоорлор тууралуу айтып бердиУмра зыяратын уюштурган туркомпаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкек шаарына 207 миңден ашуун түп жоогазын отургузулууда
Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу ЖКга качан алып келинерин айтты
11.12.2024 | 12:32
Кыргыз-тажик чек арасы толук такталып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдириди.
Ал эки өлкө чек ара боюнча макулдашууга жетишкенин айтты.
“Мен бүрсүгүнү Тажикстанга кетем. Азыр картографияны чийип, даярдап жатабыз. Кудай буйруса, январь айынын ортолорунда Жогору Кеңештин кароосуна алып келип калабыз. Баарын ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет бергенге даярмын”, – деди ал.
Ташиев кыргыз-тажик чек арасы достуктун негизинде чечилгенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом