Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Ташиев: Кыргызстандын биринчи борбору Жалал-Абад болгон
30.08.2024 | 10:04
Кыргызстандын биринчи борбору Жалал-Абад болгон. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ облуста эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ал Кара-Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөн кезде алгач Жалал-Абад борбор катары кабыл алынганын айтты.
“1924-жылдын 12-октябрынан тарта 24-ноябрга чейин, Жусуп Абдырахмановдун жеке көрсөтмөсү менен Жалал-Абад борбор шаар болуп турган. Кийин Каменский (Михаил Каменский – ред.) бул жерде инсфаструктура жоктугун, үй-имарат курууга көп акча керектигин айтып, Пишпекке которуп кеткен”, – деди Камчыбек Ташиев.
“Биз муну менен сыймыктанып жүрсөк болот. “Аккан арыктан сууга агат”, – дейт, Жалал-Абад келечекте дагы борбор шаар болуп калабы, аны бир кудай билет”, – деди Камчыбек Ташиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат