Ташиев: Мага бир нече жолу кол салуу болду

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупция менен күрөшүүнүн айынан ага каршы бир нече жолу кол салуу аракети болгонун билдирди.
«Бандиттердин, коррупционерлердин тууган-уруктары бар, бизди жаман көргөндөр аябай көп. Мени жок кылууга далай аракет жасалды. Президентибиздин атайын жарлыгы менен мага күзөтчүлөр берилген. Канча аракет кылышса да, биз чыдап, ишти аягына чыгарабыз», — деди ал Ноокаттагы эл менен жолугушууда.
Мындан сырткары, Ташиевдин айтымында, эки жыл мурун бир министр ага «бандиттин башчысы коркутуп жатат» деп кайрылган. Ал аткаминерди калкалап, аягында «үй-бүлөсүнө зордук көрсөтөм» деп коркуткан кылмышкер жок кылынганын билдирди.
Ошондой эле УКМК башчысы Кыргызстан бүгүнкү күндө КМШ мейкиндигиндеги уюшкан кылмыштуу топтор толук жоюлган жалгыз өлкө экенин белгиледи.