Ташиев Ноокатка барып, селден жабыркагандар менен жолукту

Ташиев Ноокатка барып, селден жабыркагандар менен жолукту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунда селден жабыркаган тургундар менен жолукту. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ноокат районуна барып, селдин кесепетинен бузулган көпүрө, жолдорду тез арада оңдоо жана жаңылоо боюнча тапшырмаларды берген.

Ошондой эле ал октябрь айынын аягына чейин Ноокаттагы 19,5 чакырым жол менен көпүрө маселесин толугу менен чечүүнү тапшырган.

Эскерте кетсек, июндун аягында Ноокатта катуу жааган жаандын айынан сел жүргөн. Анын айынан 10 адамдын өмүрү кыйылган, алардын арасында жаш балдар да бар. Ошондой эле үйлөрдү суу каптап, бир катар турак жай жараксыз абалга келген, көпүрөлөрдү сел алган.

Кара-Кулжада унааны сел агызып, анын ичиндеги ата-эне эки баласы менен көз жумган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>